24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Үй-бүлө кайсы учурда балалуу болуудан баш тарта алат?
Жооп: Үй-бүлө көп балалуу, же аялдын ден-соолугунда кооптонуу болсо, балалуу болуудан баш тартууга болот. Бирок, чыгымдан коркуп балуу болуудан баш тартууга болбойт. Куранда: «Жарыкчылыктан коркуп өз балаңарды өлтүрбөгүлө, биз силерди да, аларды да багабыз», — деп айтылат (6:151).