12:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Суроо-жооп. Сол кол менен тамак жесе арамбы?

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Сол кол менен тамак жесе арам болуп эсептелбейби?

Жооп: Оң кол менен тамак жеген — бул сунна жана мусулмандын милдети. А эгер шарияттын нормаларын карай турган болсок, анда сол кол менен тамак жеген арам катары көрсөтүлөт.

Бул боюнча, Ибн Араби шайтанга жаккан аракеттердин баары арам болорун айткан.

Хадисте пайгамбар: «эч ким сол колу менен тамак жебесин, анткени шайтан сол колу менен ичип, жейт», деген.

Бирок, албетте адамдын оң колу менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо анын жаман жери жок.

Эң көп окулган жаңылыктар