18:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ош—Кара-Суу унаа жолундагы кырсыкта бир киши каза болду

Ош—Кара-Суу унаа жолунун 11-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1967-жылы туулган айдоочу «ДэуТико» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып «БМВ» унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен «Дэу Тиконун» айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү, «БМВнын» айдоочусу ооруканага жеткирилген. Бирок, жүргүнчүлөрдүн бири өзүнө келбей каза болду.

Аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.



Эң көп окулган жаңылыктар