13:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте ийне жалбырактуу бак-дарактарды отургузуп бүтүштү

Бишкекте кышында тигиле турган ийне жалбырактуу бак-дарактарды отургузуп бүтүштү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, январь-февраль айларында Бишкек жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери 1 миң 43 ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузушту. Алардын арасында чыгыш туясы, крым кызыл карагайы, арча жана карагай бар. 

«Жаш көчөттөрдүн тамырларын жаап, көрүнбөгүдөй кылып топура салынды. Аталган ийне жалбырактууларды ташып келүүдө, аларды жерге тигүүдө эч кандай маселе жаралбайт, алар башка жерге тез ыңгайлашып өсөт», -деп билдиришти мэриядан.

Бул жылы мэрия 10 миңден ашуун бак-бадалдарын отургузууну пландап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар