00:25
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ысык-Көлдө бактарды кыйып жатышат

Ысык-Көл облусуна караштуу Корумду айылында бактарды кыйып жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.

Айтымында, кыйылган теректерди жүк ташуучу унаага жүктөп кетип жатышат. Видеодо жердин ээсимин деп өзүн тааныштырган киши бактарды кыюуга уруксаатты эколог Максат Кыштобаев берген деп айтууда.

Окурмандын билдиргенине караганда, кыйылып жаткан бактар Кызыл китепке киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар