06:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акыркы 2 айда Жалал-Абад облусу боюнча 64 өрт кырсыгы катталган

Акыркы 2 айда Жалал-Абад облусу боюнча 64 өрт кырсыгы катталып, келтирилген материалдык чыгым 7 миллион 571 миң 444 сомду түздү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен 1 жаран каза болуп, 3 жаран жарат алган.

Өткөн 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 24 % азайганы менен, өрттөн келтирилген материалдык зыян 77,2 % өскөн. Тактап айтканда, 2018-жылдын 2 айында 85 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 4 миллион 273 миң 515 сомду түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар