19:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аткаминердин жоругу. Кара-Суунун тургуну Владимир Путинге арызданбаганын айтты

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургуну Орозкан Токторалиева жергиликтүү аткаминердин жоругуна арызданып, Орусиянын президенти Владимир Путинге кат жолдобогондугун айтты.

Кечээ Ошто ал маалымат жыйын өткөрдү. Аялдын айтымында, окуя тууралуу социалдык түйүндөн билген.

«Биз райондун акимине, облус башчысына жана жер бөлүп берүү боюнча расмий органдарга кайрылганбыз, ал эми Владимир Путинге кат жолдогон жокпуз», -деди ал.

Эске салсак, 24.kg агенттигинин кабарчысына ал кайрылууну Владимир Путинге жолдогонун өзү айтып берген.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрү жыйынтык берген эмес. Мындан улам, алар Владимир Путинге кайрылышты. Алардын негизги максаты- кайрылууну Сооронбай Жээнбековго жеткирүү жана аны менен жекеме-жеке кезигүү.

Эң көп окулган жаңылыктар