16:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте көчөлөрдү жууп башташты

Бишкекте көчөлөрдү жууп башташты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери атайын техниканын кышкы жабдыктарын көчөлөрдү жууй турган шаймандарга алмаштырды.

Бүгүн Аалы Токомбаев, Фучик көчөлөрү, Жибек Жолу, Манас жана Чүй проспектилери жуулат.

«Атайын техника даяр болгондон кийин жана абанын температурасы эртең менен плюстук көрсөткүчкө жеткен соң шаардын баардык көчөлөрү жуулат», -деп билдиришти мэриядан.

Эң көп окулган жаңылыктар