Мамлекеттик администрациялардын бир катар жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы—аким Таалайбек Ажиев, Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы—аким Улан Доконбаев, Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев, Жалал-Абад облусунун Аксы жана Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчылары—аким Масалбек Мырзамамытов жана Майорбек Сатымкулов, Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков кызматтан бошотулду.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы жыйынынын протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы жыйынынын протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.