Бишкек шаарындагы Электр жылуулук борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун ишине баа берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
«Алмазбек Атамбаевге байланыштуу иш өзүнчө тергелет. Анын ишинен укуктук баа берилет», — дейт Өткүрбек Жамшитов.
Эскерте кетсек, буга чейин Коопсуз кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынса, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүндүгүн айткан.