«Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.
Белгилей кетсек, аталган мыйзамдын 12-беренесине өзгөттүү сунушталууда.
Мыйзамдын 6-беренеси президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды.
8-беренеде президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндө норма алынып салынууда.
Мурдакы өлкө жетекчилеринин жакындары эми түбөлүк мамлекеттик жеңилдиктерди колдоно албайт. Саясатчы өлгөндөн кийин өмүр бою кызматтык автотранспорт, медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алып салынууда.
Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.
«Алар Кыргызстандын бир дагы жараны мыйзамга жамынып алып кылмыш иштерин жасай бербеши керек, мыйзам алдында башка жарандардай эле жооп бериши керек», — дейт демилгечилер.
Андан тышкары, Акылбек Жапаровдун сунушун колдогоо алынды. Анын айтымында, экс-президент партиялык саясий иш, же мамлекеттик кызматка аралашса, өзүнө берилген мамлекеттик артыкчылыктарын токтотушу керек.

