05:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ордун таппаган ысым. Турдакун Усубалиевдин ысмын эски аянтка ыйгаруу сунушталды

Турдакун Усубалиевдин ысмын эски аянтка ыйгаруу сунушталууда. Бул боюнча бүгүн Бишкек шаардык кеңештин отурумунда «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Канарбек Музуралиев билдирди.

Ал Турдакын Усубалиевдин 100 жылдыгына карата анын ысмын эски аянтка жана мектепте берүү керектигин айтты.

«Эски аянт Турдакун Усубалиевдин учурунда курулган. Андыктан анын атын алып жүрүүгө укуктуу. Бишкекте «Газпром Кыргызстан» жаңы мектеп куруп жатат. Ал 99унчу болот экен. Ага 100үнчү деп номур коюп, Усубалиевдин ысмын берсек », - деди ал.

Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу буга чейин бир топ жолу көтөрүлгөн. Анын атына Бишкек шаарындагы Киев көчөсүн, Улуттук тарых музейин атоо сунушталган.

Өкмөттүн 2017-жылдын 23-октябрында кабыл алынган токтомуна ылайык жергиликтүү башкаруу органдары 2021-жылга чейин калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн ысымын өзгөртө албайт. Мына ушундан улам Киев көчөсүнүн аталышын өзгөртүүгө каршы жооп болгон.

Турдакун Усубалиев 1961-1985-жылдары Кыргызстанды жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар