Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда кар көчкүсү мажбурлап атып түшүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, аталган унаа жолунун 74-76, 88-89- жана 100-115-чакырымдарында 8нен 12-февралга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.
Ага байланыштуу 2019-жылдын 7-февралында КРнын ӨКМнин министрдин орун басарынын № 93 буйругу чыккан.