02:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ноокатта унаанын тормозу иштебей калып, эки кишини сүзүп кетти

Ош облусуна карашту Ноокат районунда унаанын тормозу иштебей калып, эки кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя Көк-Жар айылында болгон. Анда Хендай Старекс унаасынын айдоочусу унааны башкара албай, базардагы тандырдын ичине кирип кеткен. Кырсыктан Ноокат районунун тургундары 41 жаштагы жана 13 жаштагы жарандар унаанын алдында калган. Өспүрүм окуя болгон жерде көз жумган.

Унаанын айдоочусу жана Б.Д. жаракат алып, шаардык ооруканага жаткырылды.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума