19:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкек шаарындагы өрттүн кесепетинен 2 киши каза болду

Бишкек шаарындагы өрттүн кесепетинен 2 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Скрябин жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кароосуз калган павильондон өрт чыккан. Темир тосмолор болгондуктан өрт өчүрүүчүлөргө тоскоолдуктар жаралып, Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары павильондун темир тосмолорун ачууга жардам көрсөтүштү.

Кырсыгынын кесепетинен 2 киши каза болгон. Учурда маркумдардын өздүгүн тактоо, өрттүн себебин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар