00:19
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.14

Чолпон-Атада болгон катуу шамал ишкананын чатырын учурду

Бүгүн Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда шамалдын кесепетинен «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын профнастил менен жабылган чатырынын 185 чарчы метри учуп кеткен.

Учурда жеринде Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар