01:37
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

«Коопсуз шаар». Жол эрежелерин сактоо видео аркылуу үйрөтүлөт

Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитети жана Жол коопсуздук кызматы менен бирге «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу алдында жол эрежелери боюнча видео чыгарды.

Анда видео байкоо кандай жол эрежелерин бузууну каттоого алары айтылат. Тасма жети бөлүктөн турат. Биринчисинде светофордо кызыл жанып турган учурда жолдон өтүү боюнча баяндалат.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» бир нече күндөн кийин ишке кирет. 12-февралдан тарта айдоочуларды айыпка жыгып башташат.

Жыл аягына чейин долбоор өлкө боюнча иштеп баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар