Боом капчыгайында жүк ташуучу унаа оодарылып калды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 04:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 127-чакырымында катталган.
«Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу көмүр ташыган «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол четине оодарылып калган. Жабыр тарткандар жок» — деп билдиришти ОИИБдан.