Чоң-Алай районунда Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, көчкү унааны басып калган. Унаанын ичиндеги 2 кишини жол-эксплуатациялык мекеменин кызматкерлери алып чыгышкан.
«Андан кийин куткаруучулар унааны алып чыгышты. Көчкүнүн көлөмү 600 кубометрди түздү», -деп билдиришти ӨКМдан.