Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында окуучу баланы унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 4-февралда саат 12:01 чамасында Базаров жана Тойгонов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Жабырлануучу — 2005-жылы төрөлгөн Б.А. куткаруучулар тарабынан алгачкы медициналык жардам алды. Андан кийин тез жардам кызматынын дарыгерлери алып кетишкен.