Ош—Исфана унаа жолунун 62-чакырымында жол кырсыктан 86 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын 1976-жылы туулган тургуну «Хонда Степвагон» унаасын башкарып бара жатып Ноокат районунун 1933-жылы туулган тургунун сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок каза болду.
Бул кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.