14:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Парламент фракциялары саламаттык тармагын, мамлекеттик ишканаларды талкуулайт

Эртең Жогорку Кеңештин КСДП, «Кыргызстан» жана «Республика-Ата-Журт» фракциялары жыйын өткөрөт.

КСДП фракциясы акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жолдорун издемекчи. Депутаттарга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев чакырылды.

«Республика-Ата-Журт» фракциясы саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалы, мамлекеттик программалардын аткарылышы жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды угат.

Аларга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Саламаттыкты сактоо министри Космос Чолпонбаев пландарын айтышат.

«Кыргызстан» фракциясы Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын кылган иштерин талдап чыкмакчы. Ага дагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова отчет берип жетишиш керек.

«Ата-Мекен» 15-ноябрдан, «Бир-Бол» 14-декабрдан бери жыйынга топтоло элек. Ал «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы бул жумада эс алууну эп көргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар