Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда турак үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган райондун Көк-Жар айылындагы Жоон-Арык суусу тоңуп муз катмары пайда болгон. Натыйжада, 20 турак үйдүн короолорун суу каптаган.
Турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга коркунуч жок.
Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү жана тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, тартылган техниканын жардамында суунун жээгин бекемдөө жумуштары аткарылган. Иш-чаралар бүгүн улантылат.