«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этапы боюнча дагы өлкөнүн 80 кесилиш жолдору кошулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен билдиришти.
Буга чейин комитеттин башчысы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында отчет берип жатып, 2018-жылдын акырына чейин долбоордун 2-этабына сынак уюштура тургандыгын айткан. Бирок, тендер өз убактысында жарыяланган жок.
«Кыргызстан боюнча техникалык тапшырмалар декабрдын ортосунан бери даяр турат. Учурда бир канча кызыктар ведомстволор арасында макулдашуу жүрүп жатат. Жуманын акырына дейре макулдашуулар аяктап, андан кийин тендердин мөөнөтү тууралуу чечим кабыл алабыдз», -деди Бакыт Шаршембиев.
«ИИМ менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында конкреттүү түрдө кайсы кесилиштерге камера орнотууну тактап чыгышат. Экинчи этапта өлкө боюнча 230 кесилиш жолго камералар орнотулат», -деген ал. Бул айтылгандарга кошумча 80 кесилиш жол дагы кошулмакчы.

