19:50
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Өзбекстандан Кыргызстанга акча алып чыгууга аракет жасагандар кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Кыргызстанга 3,5 миллион доллар алып чыгууга аракет жазаган кишилерди кармады. Бул тууралуу «Өзбекстан-24» каналы билдирди.

Маалыматка караганда, Фергана — Жогорку Вуадил трассасында «Нексия» үлгүсүндөгү автоунаа текшерүү үчүн токтотулган. Анын алкагында А. Д. аттуу жарандын машинесинен жана үйүнөн 1,7 миллион доллар табылган.

Андан тышкары 56 жаштагы кыргызстандык жарандын унаасынан 1,7 миллион доллар алынган. Бул акчалар Ташкенттен Кыргызстанга жөнөтүлмөк болгон.

Жалпысынан аткезчиликке шектелген кишилерден 3,5 миллион доллар алынган. Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар