Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге шектүүлөр табыла элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ысык-Көл ОИИБдан билдиришти.
Милиция окуянын күбөлөрун суракка алышууда. "Сурак жактоочунун катышуусунда жүрүп жатат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кимдир-бирөөлөргө кысым көрсөтүп жатат деген билдирүү чындыкка коошпойт", -деп билдиришти ОИИБдан.
Эске салсак, Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди белгисиз бирөөлөр талкалап кетишкен.