24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Аялдар жаназа намазга катыша алабы?
Жооп: Ооба катыша алат. «Бир жолу Абу Тальха Пайгамбарды Умайпам ибн Абу Талханын жаназасына чакырат. Пайгамбар үйдө жаназасын окуйт. Пайгамбар алдыда туруп, анын артына Абу Тальха, аялы УммСуляйм анын артында турду», — деп айтылат (аль-Хаким 1/365, аль-Байхакъи 4/30).
Аиша дагы Са’д ибн Абу Уаккъас дүйнө салганда аялы пайгамбарды мечитке чакырып, жаназа окутканын айтат.(Муслим).