20:49
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Суроо-жооп. Видео оюндар кумар оюндарынын катарына кирет

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Видео оюндарды ченеми менен ойносо, ал динге каршы келбейби?

Жооп: Видео оюндарга алгач ченеми менен ойногону менен кийин берилип кетүү коркунучу бар. Айрыкча өспүрүм балдар күнү-түнү мындай оюндардан чыга албай калышат. Ал дагы кумар оюнунун бир түрү. Кумар оюндары адамды өзүнө тартып, анын убакытын, акчасын ээлеп алат.

Шарият боюнча намаздан жана башка милдеттен алагды кылган көңүл ачуулар тахриман-макрух болуп эсептелет.

Куранда «Алар шарап жана кумар оюндарынын зыяны жөнүндө сурашат. Сен аларга «Аларда күнөө бар, ошол эле учурда пайда бар. Бирок, күнөөсү пайдасынан көп деп айткын», — деп айтылат (аль-Бакара 2/219).

Эң көп окулган жаңылыктар