07:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт!

21-январдан 23-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99- чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4- чакырымдарында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130- чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар