19:17
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Дайынсыз жоголгон Казыхан Мухабаев изделүүдө

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн РИИБсы дайынсыз жоголгон Казыхан Мухабаевди издеп жатат. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 1978-жылы туулган Казыхан Мухабаев 12-январда болжол менен саат 17:00дө Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Анын өзгөчө белгилери: бою 145-150 см, арык дене түзүлүштө, чачы кара, кыска, көзү кара. Кара шапка, куртка, спорттук шым кийип жүргөн. Ал 2-топтогу майып, так сүйлөй албайт.

Изделип жаткан адам тууралуу маалыматы болгондор төмөнкү даректерге билдирип койсо болот:

0312363527, 0312363523, 0550510905, 0704312505, 0550343363 же 102.

Эң көп окулган жаңылыктар