15:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек—Ош унаа жолунда күйүүчү май ташуучу унаа кырсыккка учурады

Бишкек—Ош унаа жолунда күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кетип, 7 тонна солярка төгүлдү. Бул тууралуу тартип сакчылары билдиришти.


Маалым болгондой, «Фредлайнер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны Кара-Балта шаарынын тургуну башкарып бара жатып, бурулуштан рулга ээ боло албай калган. Натыйжада, унаа сол капталына кулап калган.

«Унаада 35 тонна 709 литр солярка болгон. Аны Бишкектен Баткен облусуна алып бара жаткан. Жабырлануучу Кара-Көл шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар