15:30
USD 77.22
EUR 87.19
RUB 1.08

Жалал-Абадда былтыр 42 өзгөчө кырдаал катталып, кесепетинен 5 киши каза болгон

Жалал-Абад облусунда 2018-жылы 42 өзгөчө кырдаал катталып, кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуусунун 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жана үстүбүздөгү жылга коюлган милдеттери жөнүндө областтагы район-шаарлар менен онлайн режиминде жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө былтыр облус аймагында 642 ар кандай өрт кырсыктары катталганы маалым болду. Анда тилсиз жоодон 25 мал жандыктар, 2 автоунаа жана 166 444 сомдук материалдык баалуулуктар сакталып, 20 адам өрттөн куткарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар