Сузактагы жер көчкүнүн көөлөмү 1,5 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгиндеги жер сүрүлүп, дарыяны жаап калды.
ӨКМдин маалыматында, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. 30-апрелде аймакка киргизилген өзгөчө кырдаал алынды.