18:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөрдөгү элчилерин дайындоого макулдук берилди

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай, Түштүк Корея сындуу бир катар өлкөлөрдөгү жаӊы элчилерин дайындоого макулдугун берди.

Ошентип, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине Канайым Бактыгулованын, Россиядагы элчилигине Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореядагы элчилигине Динара Кемелованын, АКШдагы элчилигине Болот Отунбаевдин талапкерлиги жактырылды.

Талкуу жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кореяга эмес, Жапонияга элчи кылып дайындалса туура болмогун баса белгиледи. «Ал Кореяда деле жакшы иштей турганынан күмөнүм жок. Бирок, ал жапон тилин жакшы билет, мурдатан иштеп калган тажрыйбасы дагы бар. Азыр Жапониядагы элчилик орун бош турбайбы», — деди ал.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров мындай чечим Тышкы иштер министрлиги тарабынан кабыл алынганын, Жапониядагы элчилик кызмат ордуна жакын арада дагы башка талапкер көрсөтүлө турганын билдирди.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев 2015-жылы АКШ менен кызматташуу келишими бир жактуу жокко чыгарылганын эске салып, жаӊы келишим түзүү чараларын тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Динара Кемелова учурда тышкы иштер министринин биринчи орун басары болсо, Болот Отунбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп иштеп келет. Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытай менен Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Аликбек Жекшенкулов мурда Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенген.

Эң көп окулган жаңылыктар