08:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сел кырсыгы. Баткенде 70 миң куб сууга туруштук бере турган дамба курулду

Баткен облусуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү сел каптап кетүү коркунучунда турган айылдарга 70 миң куб сууга туруштук бере турган дамба курулду. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дамба куруу үчүн айыл өкмөтүндө 300 миң сомдук долбоор даярдалып, эл да ашар жолу менен салым кошкон.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги керектүү техникалык каражаттарды бөлгөн. Эми Ак-Турпактагы Өтүкчү, Кызыл-Коргон, Токой жана Ак-Турпак айылдарында сел коркунучу азайды.

Буга чейин аталган айылдарда жаанчыл мезгилдерде сел жүрүп, бир топ чыгаша алып келчү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума