Режиссер Сүйүн Откеевге таандык «Жетикс» тасмасы 24-январдан баштап өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу режиссер 24.kg агенттигине билдирди.
Айтымында, «Жетикс» -Орто Азияда жана Кыргызстанда алгачкы жолу тартылган балдардын фантастикалык тасмасы.
«Фильмде окуучулардын эч себепсиз жоголушу, аны издөөдө коомчулук дүрбөлөңгө салган чуулгандуу окуялар менен коштолот», -деп билдирди режиссер.