17:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаев Атамбаевге доосун кайра сотко жөнөттү

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана ага караштуу «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковго карата кайрадан доо жөнөтүштү. Доогерлердин расмий өкүлү Динара Ашимова маалыматты тастыктады.

Буга чейин Октябрь райондук соту доону өндүрүшкөн кабыл алган эмес, анткени арыз мыйзам бузуулар менен толтурулган. Доону кайра толуктоо үчүн артка кайтарып беришкен. Бүгүн арызды соттук инстанцияга беришти.

Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев Алмазбек Атамбаевден жана анын телеканалынан моралдык чыгымды өндүрүп алуу ниетин көздөшүүдө. Доонун суммасы 18 миллион сом. Мурунку аткаминерлерди Алмазбек Атамбаевдин канал аркылуу алардын дарегине айтылган сөздөрү нааразы кылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Ахматбек Келдибеков Kyrgyztoday, «Aзия Ньюс» жана «Аргумент.kg» ЖМКлары менен соттошуп жатат деген маалымат тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар