Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы унаа жолго түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кечээ саат 17:20 чамасында Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 99-чакырымында (Капчыгай тилкеси) болгон. Анда көлөмү болжол менен 1000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол бир тараптуу жабылган.
Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Кар көчкүнү тазалоого № 27 жол тейтөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 1 бульдозер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 18:04дө унаа жол толугу менен тазаланды.