21:05
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Акыркы 4 жылда 6 миң 717 кытайлык жаран Кыргызстанда жүрүү тартибин бузду

Акыркы төрт жыл аралыгында 6 миң 717 кытайлык жаран Кыргызстанда жүрүү тартибин бузган. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында айтты.

Анын билдиргенине караганда, өлкө аймагында жүрүү тартибин бузган чет элдик жарандардын ар кандай учурлары катталып турат. Бул абалды Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт.

«6 миңден ашык кытайлык жарандарга 67 миллион 170 миң сом айып пул салынган. 2014-2018-жылдар аралыгында Кытайдын 139 жараны Кыргызстандан чыгарылган», — деди Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар