19:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ош облусунда кылмыштуулуктун саны азайды

Ош облусунда кылмыштуулуктун саны азайды. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 26-декабрында Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун аймагында укук коргоо, фискалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо органдарынын, ӨКМдин, мамлекеттик каттоо кызматынын, айылдык аймактардын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, суу чарба, электр тармактары, фитосанитария жана башка мамлекеттик мекеме-ишканалардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда комплекстүү алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.

Ош облусунун аймагында өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө жарандардан жалпы болуп 218 көйгөйлөр айтылды. Алардын 4өө ички иштер органдарына, 33ү саламаттыкты сактоо багытында, 2өө билим берүү багытында, 54ү социалдык тармак боюнча, 46сы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана коммуналдык кызматтардын ишмердигине байланыштуу болду.

Бул күнү 29 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 1 кылмышкер кармалып, 231 ар түрдүү админстративдик укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлгөн.

2018-жылдын 23-ноябрынан 26-декабрына чейинки мезгилде Ош облусунун аймагында катталган кылмыштын саны 98ге кыскарган, ал эми жыл башынан бери былтыркы жылга салыштырмалуу катталган кылмыштын саны 1082ге азайган.

Эң көп окулган жаңылыктар