06:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Ак-Таш» өткөрмө пункту ишке кирди. Ал 5 жыл жабык турган

2018-жылдын 25-декабрынан тартып Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн «Ак-Таш» (КР) — «Бирлишкен» (ӨР) өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Макулдашууга 18-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки мамлекеттин чектеш облус жетекчилер кеңешинин экинчи жыйынынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген.

«Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан жана Барак эксклавын Ош облусунун Кара-Суу району менен байланыштырып турат. «Ак-Таш» өткөрмө пункту 2013-жылы жазында Барак айылынын кыргыз тургундарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тарап менен түзгөн келишим боюнча 2013-жылдан 2015-жылга чейин айылга азык-түлүк продуктуларын, медициналык дары-дармектерди, күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жер семирткичтерди жана башкаларды ташуу улантылган.

Буга чейин Барак эксклавынын жашоочулары Кыргызстандын негизги аймагына кирүү үчүн мамлекеттик чек араны 150 чакырымды түзгөн «Кызыл-Кыя-унаа жол» көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу өтүүгө мажбур болушкан. Ош шаарына чейин жетүү үчүн жалпысынан 300 км жол жүрүү зарыл болгон. Учурда «Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту аркылуу өлкөнүн негизги аймагына өтүү үчүн 1 чакырымдан ашык жүрүү зарыл.

Өткөрмө пункту күн сайын саат 9дан 19га чейин иштейт. Чукул кырдаал жаралган жагдайда жарандарды өткөрүү күнү-түнү ишке ашырылат.

Эң көп окулган жаңылыктар