Ысык-Көлдө бир жарым жашар баланы заара ушатып койгондугу үчүн сабап өлтүрүп койгон аял тергөө абагына киргизилет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жети-Өгүз райондук прокурору билдирди.
Айтымында, мындай чечимди Жети-Өгүз райондук соту кабыл алды.
«Шектүүнү Караколдогу тергөө абагына киргизишет. Аял жасаган иштерин мойнуна алды.Ал баланы тарбиялап коюуну чечкенин айткан», -деди прокурор Мирлан Ашырбаев.
Эске салсак, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда тургун 1 жарым жаштагы баланы өлтүрө сабап салган.