12:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кумар Исаков Сооронбай Жээнбековдун өкүл баласы деген маалыматты четке какты

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын директорунун орун басары Кумар Исаков президент Сооронбай Жээнбековдун өкүл баласы деген маалыматты четке какты.

«Мен ушул жашка келгенче эч качан президентти өкүл ата деген эмесмин. Ишенбесеңер кесиптештерден сурагыла. Мамлекеттик кызматта иштегениме 27 жыл болду, бул убакытта ушул кызматтан башка жакка кеткен эмесмин. Өз жумушум боюнча жогору жактан бир дагы эскертүү алган жокмун, менин көрсөткүчтөрүм Бишкек шаарынан дагы алдыда турат», -деди ал.

Эске салсак, 19-декабрда болгон маалымат жыйында телеканалдардын биринин башкы директору Алтынбек Жумаев Кумар Исаков тууралуу маселени көтөрүп, ал баардык ветеринарларды кызматтан бошотуп жатат деген таризде айткан.

Алтынбек Жумаевдин маалыматы боюнча, телеканалдын журналисттери тамак-аш коопсуздугу тууралуу иликтөө жүргүзүшкөн.

Айтымында, ал түштүк аймактын инспекциянын өкүлчүлүгүнүн ишине басым жасаган. Алтынбек Жумаев Казакстан жана Орусиянын чек арасынан 54 тонна кургак сүт кармалгандыгы тууралуу эскертип, анын 5 тоннасы боюнча документтерди Ош ветеринардык башкармалыгынын башчысы Кумар Исаков кол койгондугун айткан. Ошондой эле ал маселени иликтөөнүн ордуна Кумар Исаковдун республикалык деңгээлдеги кызматка дайындалганын айтат.

«Президенттин өкүл баласы деген маалымат айтылууда, муну текшерүү керек. Ал 9 мал догдурду иштен алган», -деди телеканалдын директору.

Президент башкы директордун суроосуна «Ал менин өкүл балам эмес, президенттин көп туугандары чыга баштады. Мен тууганчылык байланыш тууралуу аткандарга ишенбегиле деп айтып келем. Андайларга ишенгендер дагы күнөөлүү. Эгерде дарыгерлердин кызматтан алынганы чын болсо аны териштиребиз», деген президент.

Эң көп окулган жаңылыктар