03:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Казакстанда кыргыз бажысына биргелешкен көзөмөл киргизүү сунушталууда

Transparency Kazakhstan коомдук фондунун эксперттери Кыргызстандын бажы бекеттеринде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен көзөмөлүн киргизүү керек деп эсептешет.

Фонддун казак өкмөт башчысына жолдогон катында 2020-жылы Кыргызстандын ЕАЭБдин бажы топтомундагы үлүшү 1,9 пайызды түзө турганын, бул өлкө тарабынан жөнөтүлүп жаткан суммадан кыйла аз экени белгиленген. Иш жүзүндө Казакстан, Орусия жана Беларус жеке бажы төлөмдөрүнүн эсебинен Кыргызстанга демөөрчүлүк кылууда деп эсептешет эксперттер.

«Кыргызстан Кытай менен Түркиядан контрабандалык товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүнүн бир бөлүгүн жашырып келет. Дүйнөлүк соода уюмунун бажы статистикасы ортодо 3-4 эсе дал келбестик бар экенин көрсөттү. Бул албетте жалпы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы топтомуна терс таасирин тийгизүүдө», — деп жазылган кайрылууда.

Буга чейин кыргызстандыктар өлкөнүн Бажы кызматын эң коррупциялашкан мамлекеттик орган деп аташкан.

Мурдараак Орусиянын Regnum агенттиги Кыргызстандын бажы статистикасы тууралуу материалдарды жарыялаган. Анда 20 жыл ичинде кыргыз бажысы Кытайдан өлкөгө 11,64 миллиард долларга товар алып келингенин каттаган. Ошол эле маалда Кытай бажысы Кыргызстанга 61,667 миллиард долларлык товар жөнөткөнүн ырастаган. Эки өлкөнүн бажы кызматтары көрсөткөн сандардын айырмасы 50 миллиард долларды түзгөн.

Кыргыз бийлиги сандардагы бул айырманы эсептөө ыкмасынын ар башка экендиги менен түшүндүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар