Чүй облусунда бир жума аралыгында мас абалында унаа башкарып жүргөн 33 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ШИИБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 102 айдоочунун унаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулду.
17-декабрдан 23-декабрга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында Чүй облусу боюнча жалпы 3 миң 774 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен 454 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулду.
Унаасынын айнектерин караңгылатып башкарган 5 айдоочу, документи жок унаа башкарган 34 айдоочу жоопко тартылды.