20:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жогорку Кеңеш 80-жылдыгын белгилөөдө

Жогорку Кеңеш 80 жылдыгын белгилөөдө. 1938-жылдын 18-июлунан тарта кыргыз парламентинин ыйгарым укуктарын жалпы эл тарабынан тике шайланган бир палаталуу Кыргыз ССРинин Жогорку Совети аткарып турган.

«Адатта кыргыз парламентинин басып өткөн жолун негизинен эки чоң этапка бөлүп жүрүшөт. Биринчиси 1938-жылдан 1991-жылга чейинки советтик мезгил, экинчиси «легендарлуу парламенттен» баштап» — деп билдирди бүгүнкү илимий жыйында төрага Дастан Жумабеков.

Дээрлик жарым кылымдан ашуун мезгил аралыгында анын 12 чакырылышы иштеди.

«Алар өз алдынча саясий чечимдерди кабыл алуу укугу жок болгонуна карабастан, өз доорунун талабына жараша көптөгөн экономикалык, чарбалык, уюштуруу маселелерин ырааттуу чечип, өлкөнүн өнүгүшүнө өздөрүнүн салымдарын кошо алды. Советтик учурдагы жүздөгөн завод-фабрикалар, жолдор, окуу жайлар, керек болсо, шаарлардын курулушу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин чечимдери менен бекитилип турган», — дейт VI чакырылыштын спикери Дастан Жумабеков.

Эң көп окулган жаңылыктар