«Эмнеге мындай болууда? Фонддо ушундай айлык, ал эми дарыгерлер болбогон аз маяна алышат?!», -деди депутат.
Аталган фонддун башчысы Марат Калиев билдиргендей, 170 миллион сом бул медициналык жардамды үзгүлтүккө учуратпоону камсыздай турган техникалык запас. Ал эми административдик чыгымдар 130 миллион сомго жакын, анын көп бөлүгү маянага кетет.
Бирок, Аида Исмаилова ушундай сумма болгон күндө дагы фонддун кызматкерлеринин айлыгы медиктердикинен ашып түшөт.