10:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Парламенттин 80 жылдыгы. 21 депутат ардак грамота менен сыйланышты

Жогорку Кеңештин 21 депутаты парламенттин 80 жылдык мааракесине карата ардак грамота менен сыйланышты. Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн отурумда болду.

Ардак грамота менен депутат Аалы Карашев, Жылдыз Мусабекова, Абдывахап Нурбаев, Карамат Орозова, Евгения Строкова, Эльвира Сурабалдиева, Аида Исмаилова, Марлен Маматалиев, Орозбек Алыбаев, Жаныбек Исаев, Урматбек Самаев, Манасбек Эргешев, Зиядин Жамалдинов, Алтынбек Жунус уулу, Тынчтык Шайназаров, Улугбек Ормонов, Исхак Приматов, Бакирдин Субанбеков, Искандер Гайпкулов, Экмат Байбакпаев жана Руслан Чойбеков сыйланышты.

Жогорку Кеңештин юбилейинин урматына айрым эл өкүлдөрү белек катары саат алышты. Белектерге Жыргалбек Турускулов, Алмамбет Шыкмаматов, Мухтарбек Айнакулов, Сайдолимжон Жураев жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Аширбек Молдалиев ээ болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар