20:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сооронбай Жээнбеков чоң саясаттан 2023-жылы кетерине убада берди

Сооронбай Жээнбеков чоң саясаттан 2023-жылы кетерине убада берди. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

Журналисттер кайрадан Өмүрбек Бабановдун ишине тиешелүү суроо узатышты. Сооронбай Жээнебеков бул ишке эч ким кийлигише албайт деп баса белгилеп өттү.

«Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши мага чейин эле козголгон. Мен ишти жапкыла деп айтканым туура эмес болот. Мен аппаратка да бул тууралуу айткам. Жогору жактан эч ким аралашкан жок. Соттук бийлик өз чечими үчүн эл алдында жооп бериши керек. Эгер сот туура чечим кабыл алса Жээнбеков жакшы деп айтпаш керек. Ал эми туура эмес чечим чыгарса анда Жээнбеков жаман дебеш керек», -деди президент.

«Мен Бабанов боюнча иликтөө кандай жүрүп жатканын тактап коеюн. Ал саясаттан кеттим деген. Мен эч кимди атаандашым деп эсептебейм. 6 жылдан кийин өлкөнүн катардагы жараны бойдон калгым келет. 2023-жылдан кийин саясатка аралашпайм, шайлоого да катышпайм», -деди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума