USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Видеого тарткыла, тастыктагыла. Президент тууганы тууралуу

13:03, 19 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Сооронбай Жээнбеков эгерде туугандарынын күнөөлөрү далилденсе аларды аябай тургандыгына убада берди. Бул тууралуу ал маалымат жыйында айтты.

«Апрель» телеканалынын журналисти айрым булактар боюнча Жогорку Кеңештин депутаты жана мамлекет башчынын кичүү иниси Асылбек Жээнбековдун шаар боюнча кабылдамалары бар экенин, ал кабылдамаларда мамлекеттик маселелер (кадр маселелери) чечилип жатканын айтып чыкты.

Сооронбай Жээнбеков конкреттүү фактыны айтууну суранды. «Видеого тарткыла, тастыктагыла. Кантип ал кадрдык маселени чечип жатканын таркыла, мен эч кимди аябайм», -деди президент.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика